«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын экс-министри Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн ачылган кылмыш ишинин негизинде кезектеги сот отуруму болууда.

 

Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова соттун фото жана видео сьемкага тыюу салууга укугу жоктугун белгиледи.

 

Юристтердин айтымында, журналисттер сүрөткө тартып, же видео аркылуу процессти чагылдырбаса, анын бейтарап көз карашын коомчулук шектенүү менен кабыл алышы мүмкүн.

 

Ошондуктан, Текебаевдин адвокаттары процессте аппараттарды колдонууга уруксат берүүнү соттон өтүнүштү.

 

«Видеого тартууга тыюу салаардан мурун бул саясий процесс экенине көңүл буруңуздар. Айыпталуучу катары партия лидери \мүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов турат», - деди Жакупбекова.

 

 Чынара Жакупбекова президент Атамбаев сотко катышса, процесс ачык болуп, коомчулукта түз эфирде чагылдырылышы керектигин да эске салды.