Жашоо кызык, бүгүнкү жашооң эртең таптакыр башка болуп өзгөрүп кетет. Жараткан ырыскы берем деген адамына бир күндө эле, бир адамды себепчи кылып берип коёт экен. Ага Эрмектин бүгүнкү жашоосу далил. Кечээ эле таенеси менен турмуш түйшүгүн бирге тартып көчөдө гүл сатып турган Эрмектин жашоосу бүгүн журналист Дайырбек Орунбековдун, жалпы кыргыз элинин жардамы менен түп тамырынан өзгөрүп отурат.

 

«КЫЗЫМ ҮЧ БАЛАСЫН МАГА ТАШТАП РОССИЯГА КЕТТИ»

 

– Мен 53 жаштамын, 85 жаштагы майып апам менен турчумун. Ал эки жылдан бери баспайт. Эрмек - экинчи кызымдын улуу баласы. Кызым жолдошу каза болуп, үч баласы менен калган соң турмуштун айынан күрөөгө 100 000 сом акча алган. Соода кылмакчы болуп, Бишкекке келип товар жүктөп кеткен. Тилекке каршы, айылда товарды нак акчага алган киши жок, баары карызга кетет. Элдин маяна, пенсиясын кызым күткөн менен банк күтпөй кыйналып калды. Ошентип кыйналып жатканда Россиядагы иштеген классташ кыздары ишке чакырышты. Аргасы түгөнгөн кызым ноябрь айынын аягында үч баласын алып келип мага таштады да, ошол эле түнү Россияга жөнөп кетти. Ошентип, жети жаштагы Эрмек бир жарым жана төрт жаштагы карындаштары менен менин колумда калды. Эрмектин күйүмдүүлүгүнө таң калам, бала туруп эки карындашына ата да, эне да болот. Аларды жуунтуп, тарантып өзү карайт.

 

«ЖЭЭНИМ ЭКӨӨБҮЗ ГҮЛ САТЫП АКЧА ТАБА БАШТАДЫК»

 

– Кызымды классташтары торт жасаган кондитердик ишканага киргизишиптир. Тилекке каршы, бир жарым ай иштегенден кийин паспортун уурдатып жибериптир. Жүрөгү оорубасын дегенби, айтор, мага эч нерсе айтпаптыр. Бир үйдө ишке жарамсыз беш адам жашап, пенсиябыз эч нерсеге жетпей кыйналып баштадык. Кичинекей кызга күн сайын памперс алышыбыз керек. Аңгыча кыш келип: “Кантип жашап, кантип күн көрөбүз?” - деп калдык. Мен совет учурунда бир майып кыз багып алып, ал үчүн мугалимдик кесибим менен да иштебей калгам. Аны сүйрөп ар кандай ийримдерге барып жүрүп токуганды, гүлдөрдү жасаганды үйрөнгөн элем. Эрмек экөөбүз балалуу энелерге керектүү баштыктарды токуп, төрөт үйүнүн жанына барып турсак, тилекке каршы, сатылбады. Ага кошумча беш гүл жасап алдык эле баштык эмес, ошол гүлдөр 20 сомдон сатылып кетти. 100 сомду көтөрүп алып үйгө кубанып келдик. Бизнесибиз ошол беш гүлдөн башталган. Кийин гүл жасап базарларга чыгып бурчтарда туруп сатчу болдук. Турган жерибизден кубалашканына карабай, кайра башка бурчка барып сатып жүрдүк.

«ЭРМЕК ГҮЛ САТЫП АПАСЫНЫН КАРЫЗЫН ТӨЛӨЙ БАШТАДЫ»

 

– Биз «Космопарк» соода борборунун жанында жашайбыз. Ары-бери урунуп жүрүп аталган оюн-зоок борбордун алдына соода кылып көрүүнү ойлодук. Ал жерге барсак жарым сааттын ичинде гүлдөрүбүздүн баарын талап кетишти. Көрсө, ал гүлдөр «Космопарктын» ичинде 50 сомдон сатылат экен, биздикин арзан деп алып атышты. Ошондо биринчи жолу 300 сом таап абдан кубандык. Эрмек: «Эне, сиз жасап туруңуз, мен ушул жерге чыгып сатып турам», - деди. Күн сайын гүл жасап, Эрмек 10 даана, мен 10 даана көтөрүп алып чыгабыз. Мени эч ким карап, сурап да койбойт, баары Эрмектикин сатып алышат, кайра Эрмек меникин алып барып сатат. Балам аябай сылык, сүйкүмдүү болгондуктан аны баары жакшы көрүшөт. Ошол күндөн баштап күн сайын 400 сомго 20 даана гүл сатып, 250 сомун бекитип, 150 сомун-тамак-ашыбызга жумшап баштадык. Чогулткан акчабыздан ай сайын 7500 сомдон кызымдын күрөөгө алган акчасын төгүп жаттык. Буга чейин жардам сурап же тилемчилик кылып бир жерге барбай, ак эмгегибиз менен жашап келгенбиз. Эрмек азыртан эле акча кандай кыйынчылык менен табыларын билип калды. Кээде бөбөктөрү: «Булочка жейбиз», - дешсе, ал: «Жок, нан эле алып келиңиз, ашыкча акча коротпоңуз», - деп акчаны үнөмдөп турат. Балам бала бакчага барган, кыргызча, орусча жакшы сүйлөйт, баарын билет. Апрель айында мектепке киргизейин десем апасынын тил каты керек деп, апасы паспортун жоготуп келе албай жүргөнүн айтсам да укпай коюшту.

 

«КУДАЙ ОРОЗОДО БАЛАМДЫ ДАЙЫРБЕККЕ ЖОЛУКТУРДУ»

 

– Кудайдын боору ооруган го, орозонун күнү баламды Дайырбекке жолуктуруптур. Дайырбек келип абалыбызды сурап көрүп кеткен. Интернетке чыгарса дуу болуп кетиптир. Анан: «Дайырбек балам, эч кимден жардам сурабайбыз, азыр бизге окшоп кыйналып күн көргөндөр толтура. Балам тилемчиликке, жардам сураганга эмес, мээнет менен иштеп тапканга көнсүн. Кызым деле баласын таштап кетип калган эмес, абалы ошол болуп калды», - дедим. Бирок ал: «Эрмектин жакшы адам болоруна көзүм жетип турат, келечеги үчүн болгон күчүмдү жумшайм. 1- июнь күнү флешмоб өткөрүп гүл сатабыз, - деп мага гүл жасоону тапшырды. Мен уктабай төрт күндө 500 даана гүл жасадым. Анан 1-июнь бизге жомоктогудай болду. 500 гүл заматта сатылып, мен үйдөн улам гүл жасап келип жаттым.

«БИР МААЛДА БАЛАМ БАТИРЛҮҮ БОЛУП КАЛЫПТЫР»

 

– Бир убакта гүл алып келсем, бирөө: «Сиз бактылуу энесиз, балаңызга бир адам батир берди», - деди. Эмне дээримди билбей ыйлап жибердим. 1-июнь күнү жашообуз толугу менен өзгөрдү. Балам батирлүү болду, кызымдын күрөөгө алган акчасын жаап, кайра Эрмекке керектей турган акча да чогулду. Борборубуздагы №20 мектептин директору келип Эрмекти мектепке аларын убада кылды. Менталдык арифметикага окуганга жолдомо берип, барып-келген таксинин акчасын мойнуна алды. Азыр абдан кубанычта турам. Кызым менен мартта сүйлөшкөн бойдон сүйлөшө элекпиз. Ал менден уялып чалбай жатат. Эми баласы тууралуу угуп чалабы деп күтүп жатам. Россиянын номеринен чалуу болсо, улам кызымдын үнүн угам деген үмүт менен алам. Бирок ал эмес, Эрмектин жайын уккан Россиядагы мекендештер болуп калып жатат. Алар да бир топ жардам кылышты. Мен болсо кызымдын чалуусун эле күтүп жатам. Эрмектин апасы келип, балдарынын жакшы күндөрүн көрүп жакшы жашоодо жашаса экен дейм. Кудайга, кыргыз элиме абдан ыраазымын. Дайырбек ушунчалык акылдуу бала экен, азыр бирөөгө бирөө жакшылык кыла турган заман эмес. Дайырбек чын дилден жардам берди. Азыр мага кыйын күндөрүбүз түш сыяктуу болуп, азыркы күнгө да ишене албай турам.

 

Дайырбек ОРУНБЕКОВ, журналист: «Жардам бергендердин аягы тыйыла элек»

 

– Эрмек «Космопарк» соода борборунун жанында гүл сатып, ал жердеги чоң эле эжелерге атаандаш болуп алыптыр. Ал бардык адамды өзүнө тартып турган сапатка ээ жана гүлүнүн баасы арзан болгондуктан, аны ошол жердеги аялдар куугунтуктап, жаман сөздөр менен урушуп жаткандарын келинчегим айтып келди. Мен барып алардын абалы менен толук тааныштым. Кудай буйруп 1- июнь балдар күнү жакын болуп калды. Анан ошол күнү флешмоб уюштурууну ойлонуп социалдык тармактарга жаздым. Эрмек дароо эле элдин көңүлүн бура алды, алдын ала банк аркылуу акча которгондордон 30 миң сомдой акча жыйналды. Флешмобдо 500 даана гүлдү сатыкка чыгардык. Эрмектин таенеси: “Биз күнүнө 15-20 гүлдү араң сатчубуз, эми мунун баарын кантебиз?” - деп коркту. Кудай жалгап 15 мүнөттүн ичинде 500 гүлдүн баарын сатып түгөтүп койдук, көп кишиге жетпей калды. Эл таркабай койгондо таенеси барып дагы жасап келди. Алгач 117 миң акча чогулса, акыркы эсеп менен 122 740 сом чогулду. Жакшы адамдар көп экен, кайсы бир курулуш ишканасынын жетекчиси Арафат деген мырза күтүүсүздөн Эрмекке бир бөлмөлүү батир белек кылды. Ал адам ошол күнү эрте менен Эрмектин таенесинин телефон номерин алган, барып азык-түлүк алып барып бериптир, кечинде флешмобго келип батирди берди. Келе албай калгандардын суранычы менен эртеси да уланды. Гүл сатуунун жалпы жыйынтыгында 130 миң сом, 1 бөлмөлүү батир, Жакшылык деген жигиттен 2 жылдык окуусуна 85 миң сомдук сертификат, Билим берүү министрлигинен 1 ноутбук, Замир деген жигиттен уюлдук телефон, Адилет деген жигиттен 2 велосипед келди. Жардам бергендердин аягы дале тыйыла элек.

Динара ЧОКОЕВА, "Леди.KG"