Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ишкерлер дагы деле тоскоолдуктарга кабылып атканын айтты.

 

Ал жыйынга катышкан өкмөт өкүлдөрүнөн жаңы иш баштаган ишкер кайсы бир ишкана ачуу үчүн канча күнүн документ топтоого сарптаарын сурады.

 

«Жаран арыз жазгандан бир жумадан кийин ишканасын ача алат», - деп жооп берди Экономика министрлигинин статс-катчысы.

 

Мындай жооп депутатка жакпады.

 

«Бир-эки жумага созулушу эч кимге ыңгайлуу болбойт. Катталгандан кийин бир сааттан соң да ишканасын ачкыдай болушу керек.  Курулуш жаатындагы ишкерлер нааразы болуп атышат. Анткени, курулуш иши менен алектенүүнү каалагандар уруксат ала алышпайт. Мамлекетке салык төлөпа ткан ишкерлерге тоскоолдук жаратып, кайдыгер мамиле жасалып атат», - деди Төрөбаев.