Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды.
Бул тууралуу Ош облустук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жансыз дене 4-июнда болжол менен саат 18:40та табылган.
Окуя болгон жерге келген ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери бир колу жок ымыркайды баштыктын ичинен табышкан. Эксперттин алдын ала жыйынтыгына ылайык, ымыркай кыз маалына жетпей төрөлгөн, болжол менен жети айлык кезинде жарык дүйнөгө келген. А колун иттер жулуп салган болуусу мүмкүн.