«Өзбекконцерттин» директорунун милдетин аткаруучу Азамат Хайдаровдун белгилешинче, айрым аткаруучулар өлкө президентинин ишине тиешелүү видеолорду, адабий нормаларга ылайык келбеген текстерди колдонушууда.

 

“Өзгөчө алар монтаж учурунда бир инсандын же өлкө жетекчисинин ишмердүүлүгүнө таандык видеолорду колдонушууда... Бул моралдык-этикалык нормаларга туура келбейт”,-деди ал.

 

Буга чейин 49 жаштагы киноактриса жана ырчы Дильфуза Исмаилова президент Шавкат Мирзиёевге арнап “Керемет жердин султаны ден соолукта болсун” деген ырды аткарган. Ал чыгарма 2016-жылы декабрда, Мирзиёев президент болгондон кийин жазылганын жана «жүрөгүнөн чыкканын» билдирген.

 

Өзбекстан композиторлор биримдигинин мүчөсү, музыка таануучу Равшанбек Матжонов биринчи президент Ислам Каримовдун тушунда мындай ырларга артыкчылык берилбегенин, айрым ырчылар жаза алганын маалымдаган.