1-июнь балдарды коргоо күнүндө Бишкекте үйлөмө шар сатып, таенесине жардам берип, бөбөктөрүн багып келаткан Эрмек аттуу 7 жашар баланын окуясы коомчулукка маалым болгон.

 

Бул баланы журналист Дайыр Орунбеков жолуктуруп калып, аны колдоо иретинде гүлдөрүн сатышып, акция өткөргөн. Ага бир катар   төбөсү көрүнгөн адамдар барышып, катарында экс-депутат Жылдыз Жолдошова да болгон.

 

Жылдыз Жолдошова Фейсбуктагы баракчасына Эрмекти колдоп акция катышканын жазып, «Флешмобто мен тарабынан которулгон сунушту:  "Эрмекке Президент, премьер –министр,  же болбосо КР ЖК Төрагасы жеке фондорунун эсебинен жок дегенде бир бөлмөлүү үй сатып беришсе, орозо күндөрү, чощ сооп болмок"- деген чакырыкты,  ошол замат кыргыздын мыкты мырза жигити Арафат Турумбеков "Дан мастер" курулуш компаниясынын жетекчиси колдоп, 1 бөлмөлүү  батир бермей болду», - деп жазган.

 

Ага удаа эле ишкер Арафат Турумбеков:«Эрмек тууралуу маалыматты окугандан кийин эрте менен байланышкам. Кийин, гүл сатып жаткан жерге барып ага Аллах ыраазычылыгы үчүн жардам бергим келип, курулуп жаткан үйдөн батир берүүнү максат кылдым. Ага айрым саясатчылар кыпчылып,  «мен айтып, мен сунуштап бердирдим» деп жазып жатат. Эч ким сунуштап, эч ким айткан жок, өзүм чечим кабыл алдым. Муну кайсы бир саясатчылар жеке кызыкчылыкчылыгына пайдаланбашы керек»,-деген пикирин билдирди.

 

Жылдыз Жолдошовага чак түштө калп айтуусуна эмне себеп болду?