«Ата Мекен» фракциясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев кечээ, 5-июнда өткөн сотунда «Мен өз сотумдун кыргызча өтүшүн талап кылам!» деп жарыялаган. Ал процесстин нукура кыргыз тилинде, болгондо да котормочусуз өтүшүн талап кылган.
Саясатчынын мындай кадамын эне тилине болгон сүйүүсү катары кабыл алгандар болду.
Ошону менен катар экинчи тарап да тынч калбады. Жарандык активист Шаирбек Маматокторов Башмыйзамды орус тилинде жазып сунуштаган саясатчынын капысынан кыргыз тилине боор толгоп калуусун шекшинүү менен кабылдады. Ал Фейсбуктагы баракчасына бул тууралуу:
Өмүрбек Чиркешович, өзүңүздүн узак мөөнөттөгү саясий ишмердүүлүгүңүздө кыргыз тилинин тарапкери болгон эмессиз. А түгүл, 2010- жылы Конституциялык Кеңешмеде да, чү дегенде эле мамлекеттин Башмыйзамынын долбоорун орусча сунуштаган сиз эмес белеңиз? Башмыйзамдын 7- редакциясындагы 6- беренени, жаңы редакцияда 10- беренеге которууда так өзүңүзнө суроо бергем, эсиңиздеби? Жалгыз гана мамлекеттик тил болуу керек десем эмне деп жооп бергенсиз? Убактылуу Өкмөт атайын жоготкон стенограмма менде бар. Сиз, КонКеңештин төрагасы катары, ошол маанилүү беренеге өзгөртүү киргизүүдө менин эмес, сепаратист Давран Сабировдун тарабын алгансыз! Ал эми болсо, башыңызга иш түшкөндө (Кудай баарыбызды сактасын!) , эми сизге кыргыз тили керек болуп калдыбы? Албетте, азыр сиздин абалыңыз оор кезде, кулаганды тепкилеген болбойлу.
Бирок, башка амалкөйлүк кылсаңыз да, кыргыз тилин калп эле өз пайдаңызга колдонбоңузчу, сураныч!» - деген билдирүү калтырды.