Коомдук каналдын журналисти Надежда Усова Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды. Анда, журналист, сот процессине кирип бараткан тартуучу топ митингчилер тарабынан тоскоолдукка учураган.
«Текебаевдин тарапташтарына кардиганымды жыртып салышканы үчүн рахмат. Оппозициялык депутаттын тарапташтары атайылап провокация жасап, КТРКнын тартуучу тобуна тоскоолдук келтиришти. Алар бизди соттун имаратына киргизүүнү каалашпады. Көпчүлүк митингчилер өздөрүн адекваттуу алып жүрүшпөдү», -деп жазган журналист.