Супер. Kg порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сотко берген эле. Портал мамлекеттик мекеменин ушул жылдын январь айында Дача-Су айылына кулаган түрк учагынын кесепетинен жабыркагандарга топтолгон каражаттын кайда жумшалгандыгын ачык айтпай атканына нааразыланган.
Бирок, аталган порталдын башкы редактору Гүлжан Асанкожоеванын айтымында, сот арызды кароодон баш тарткан.
Ага себеп, сот арызда жетиштүү негиз жок деп тапкан.
Редакциядан билдиришкендей, алар ӨКМ 120 миллион сомду кайда жумшаганын ачык билгилери келген.
Ал эми ӨКМнын маалыматына ылайык, учак кырсыгынан жабыркагандарга 100 миллион 499 300сом чогулган.
27-апрелде өкмөт бул каражат жабыркагандарга жана курман болгондордун артында калган жакындарына жардам иретинде берилгенин маалымдаган.