Бүгүн, 5-июнда, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинин негизинде сот отуруму болууда.
Текебаевдин айтымында, отурумга журналисттердин катышуусу зарыл.
«Анткени, процесс ачык, кылмыш ишинде мамлекеттик эч кандай сыр жок. Сот саясий мүнөздө болгондуктан, ММК өкүлдөрү катышып, чагылдырууга тийиш», - деди саясатчы.
Мамлекеттик айыптоочулар процессти журналисттерсиз өткөрүүнү соттон өтүнүшкөн.
Судья Айбек Эрнис уулу видеого жана сүрөткө тартууга биринчи жыйынга гана уруксат берди.