Бүгүн, 5-июнда, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинин негизинде сот отуруму болууда.
Анда, Текебаев сот процессинин кыргызча өтүүсүн талап кылды.
«Мен сот отуруму котормочусуз, кыргызча өтүүсүн талап кылам! Соттор силер эмне, өз элиңер менен орусча сүйлөшүп калдыңарбы? Кайсы тилде өтүшү керектигин процесстин катышуучуларынан, менден бир ооз сурадыңарбы?» - деп Текебаев орус тилинде өткөрүүгө ыңгайлашып аткан сотко нааразы болду.