Кечээ дипломатиялык кварталда болгон теракт учурунда кеминде 90 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн адам жаракат алган.
“Талибан” өкүлү Забиулла Муджахид кыймылдын чабуулга такыр тиешеси жок экенин, алар жай тургундардын өлүмүнө алып келген кол салуулардын барын айыптай турганын билдирди.
Reuters агенттигинин билдиришинче, Ооганстандын атайын кызматы, Улуттук коопсуздук директораты кол салууну “Талибан” менен байланышы бар “Хаккани” түйүнү Пакистандын жардамы менен жасаган деп эсептейт. Ушул эле версияны Ооганстандын мурдагы айрым расмий өкүлдөрү дагы кубаттайт. Пакистан бийлиги “террордук чабуулду” айыптап, Ооганстан менен тилектеш экенин билдирди.
Рамазан айында ири кол салууларды уюштуруп жүргөн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу азырынча билдирүү менен чыга элек.
ИМ тобу 30-мартта Кабулдагы аскер госпиталына чабуул жасап, 50дөн ашык адам мерт кеткен.