Журналист Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына Бишкектеги 7-кичирайондо жайгашкан “Бета-Строесс-2” соода түйүнүнүн жанында жети жаштагы бала гүл шарчаларды сата турганын жарыялады. Ал мотурайган баланын сүрөтүн коюп, “1-июнь балдарды коргоо күнүндө акция өткөрүп, кичинекей ишкерге колдоо көрсөтөлү. Анын шарларын сатып алалы”, - деп чакырык таштаган.

 

Купите шарик. Семилетний Эрмек один содержит бабушку и еще двух детей 

 

Анын чакырыгы менен ырчы Анжелика Бекболиева да Эрмекке барып, жолукканын бүгүн жеке баракчасы аркылуу кабарлады.

 

Фото Анжелики Бекболиевой. 

 

Бүгүн, 1-июнь, балдарды коргоо күнүндө каалоочулар аталган соода түйүнүнүн жанына барып, кичинекей ишкерди колдоо акциясына катыша алат. Акция кечки саат алтыда башталат.

 

Эрмек жети жашта экенине карабай, эки бөбөгүн, таенесин жана таенесинин оорулуу апасын жалгыз багат. Атасы эки жыл мурда каза тапкан, ал эми апасы жарым жыл мурун Москвага кетип, паспортун жоготуп алганын телефон аркылуу билдирген. Ошондон бери дайыны жок.