Кыргыз тилдүү “Супер.kg» порталы Кыргызстан ӨКМны сотко берди.
Аталган порталдан билдиришкендей, алар ӨКМдан “Манас” абамайданынын жанындагы айылга кулаган “Боинг” түрк учагынан жабыркагандарга чогултулган 102 миллион сом кайда кеткенин билдирүүнү талап кылышат.
Ал эми ӨКМ: “Биз бардык ММКларга материалдар даяр болоору менен таратабыз. Маалымат ачык, бирок, 450 беттеги көлөмдүү материал болгондуктан, иштеп чыгуу убакытты алат. Бул жерде дагы бир нерсени эске алуу керек, жардам алган жабыркагандардын баары эле аты-жөндөрү элге жарыя болуусун каалашпайт”, - деп билдирди.
ӨКМнын маалыматында, аталган кырсыктан жабыркагандарга жардам иретинде элден 100 миллион 499 миң 300 сом чогултулган.