Депутат Жанар Акаев шайлоодо саясий партиялардын шайлоо босогосу 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү демилгесине каршы чыкты.

 

Бүгүн Жогорку Кеңеш «КР президентин жана парламентин шайлоо жөнүндө» мыйзамдолбоорун талкуулашууда.

 

Акаевдин айтымында, мындай демилге толук кандуу парламенттик мамлекетти түзүүгө тоскоолдук жаратат.

 

«Шайлоо босогосун жогорулатуунун максаты эмнеде?» - деп сурады ал мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Мирлан Жээнчороевден.

 

«Кыргызстанда учурда 200дөн ашык партия бар. Алардын лидерлери башчы болууну гана самашат, бирдиктүү идеологиялары жок. Шайлоо босогосун 9 пайызга жеткирүү лидердердин биримдикке келүүсүн жана туруктуулукту камсыздайт», - деди Жээнчороев.

 

 «Биз келечек муун үчүн жаңы партиялардын өсүп чыгышын камсыздашыбыз керек. Мамлекет жаңы партиялардын жаралуусун колдоого алышы зарыл. Ушундай жол менен гана биз парламенттик демократияны кура алабыз», - деп айтып аткан депутат Акаевдин сөзүнүн соңуна чыгарбай, спикер Чыныбай Турсунбеков микрофонун өчүртүп таштады.