Эске салсак, журналист Алтынай Жалмамбетова жол кырсыгына кабылып, кабыргасы сынган. Ал учурда ооруканада.

 

Бишкек ШИИБинин маалыматы боюнча, күнөөкөр айдоочу көрсөтмө берип, өзүн Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери экенин айткан. Айдоочунун документтерине ылайык, аты-жөнү Бекзат Мамытов экени белгилүү болгон.

 

Бирок, бул маалыматты парламент четке какты. Алардын айтымында, парламентте бир гана Бекзат Мамытов аттуу кызматкер бар.  Бирок, Бекзат Мамытов эч кандай жол кырсыгына кабылбаганын айтууда. Ал учурда жумуш ордунда.