Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов биометрикалык паспорттор тууралуу пикирин пленардык жыйында билдирди.

Айтымында, кыргызстандыктар жаңы паспорт менен банктардан насыя ала алышпайт жана милицияга кайрыла алышпайт.

 

 Паспортто жарандын аты-жөнү гана жазылып, калган маалыматтар чипте сакталаарын белгилеген лидер: “Жарандар банкка кайрылышканда, аларга каттоо керек болот. Банктарда чипти окуй турган тийиштүү жабдыктар жок. Эл мындай паспорттун кереги жок деп атат. Бул паспорт шайлоого гана керек. Адамдар бул паспорт менен ИИМге же прокуратурага барышса, андагы маалыматты ал жактан кантип алышат? Мамлекеттик каттоо кызматы өзүн пиарлап гана койду, андан башка жарытылуу нерсе жасабады”, - деди лидер.