2018-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен сынакты милдеттүү түрдө бериши керек деген сунуш пайда болду.
Сунушту Кыргызстан Мамлекеттик кадр кызматы киргизди.
Мекеменин тийиштүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Ага ылайык, 2018-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээли текшерилет.
Кыргыз тилин жакшы билиши керек делген мамкызматкерлердин тизмесине төмөнкүлөр киргизилди: КР президенти, парламент спикери, премьер-министр, мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчилиги, өкмөт жана парламент.
Андан тышкары Жогорку соттун, Конституциянын палатанын жетекчилиги жана өкүлдөрү, Коопсуздук кеңеши, Башкы штабдын жетекчилиги, Улуттук гвардиянын жетекчилиги, башпрокурор жана анын орун басарлары, БШК төрагасы, Акыйкатчы жана башка чиновниктер да бар.