Кыргыз улуттук илимдер академиясында “Кыргыз АССРине 90 жыл, Кыргыз ССРине 80 жыл жана Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн түзүүдөгү орду” аталышындагы материалдар жыйнагы тушоосун кести.


Бул аземге арналган атайын иш-чарада улуттук жолбашчылардын бири - Абдыкадыр Орозбековдун өмүр жолу, ишмердүүлүгү, Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы жөнүндө сөз жүрдү. Ошондой эле XX кылымдын 20-30-жылдардагы өлкөнүн коомдук-саясий абалы тууралуу дагы баса айтылып, бир кезде көмүскөдө болгон тарыхый материалдарды мындан ары дагы дыкаат иликтеп, коомго кеңири жайылтуу, жогорку окуу жайларында окутуу, коомдук жана саясий ишмердин атын даңазалоо демилгелери дагы көтөрүлдү.


Иш-чарага катышкан Улуттук Илимдер Академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев мындай саамалыктардын мааниси өтө чоңдугун, ошондуктан, жалпы республикалык алкакта ушундай саамалыктар өткөрүлсө, тарых алдындагы милдеттерибизди канчалык тез түшүнсөк, ошончолук натыйжалуу болоорун баса белгиледи.


Баса, иш-чаранын уюштуруучусу, УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова аталган материалдар жыйнагын түзүшкөндөргө, авторлорго жана көмөк көрсөткөндөргө чын ыкластан ыраазычылыгын билдирди.


- Бүгүнкү эгемендүү өлкөнүн өзөгүндө Абдыкадыр Орозбековдун салымы абдан бараанду. Китепте анын ишмердүүлүгү менен бирге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мамлекет болуп калыптануусундагы тарыхый окуяларга, фактыларга дагыв бекем басым жасалды, - деди УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатов.


Ал эми таанымал тарыхчы Кыяс Молдокасымов аталган китептин жарык көрүшүн тарых жаатындагы эң жакшы кадамы катары сыпаттай тургандыгын ачыктады.


Ал эми Абдыкадыр Орозбековдун небереси Жылдыз Орозбекова оюн мындайча туюундурду: “- Мурун бир кездерде чоң атам Абдыкадыр Орозбеков тууралуу ооз ачууга таптакыр мүмкүн эмес эле. Тарыхтын ошол жылдарын кесип алып салгандай туюлчу мага. Мен бул китепти башынан аягына чейин бир дем менен окуп чыктым. Айтаарым, өсүп келе жаткан муун мурунку улуттук жолбашчыларыбызды жана алар жөнүндө тарыхый чындык аныгында кандай болгонун сөзсүз билиши кажет!”.


Баса, аталган илимий-практикалык конференцияны УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн Тарых жана маданий мурастар институту менен Абдыкадыр Орозбеков атындагы коомдук фонду биргелешип уюштурду. Иш-чарага коомдук ишмерлер, тарыхчылар, аталган институттун кызматкерлери, Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев, Абдыкадыр Орозбеков атындагы фонддун төрагасы Абдували Нышанов, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Абдыкадыр Орозбековдун небереси Жылдыз Орозбекова жана башкалар абдан активдүү катышты.

 

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити, №20 (298), 31.05.2017-ж.