Москвада жакында болгон катуу шамалдан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын эки жараны да болгон.
Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.
Анда айтылгандай, 29-майдагы катуу шамалдан жабыркаган кыргыз жарандары, 33 жаштагы Ж.А. жана 35 жаштагы А.Н. шааардык ооруканага жеткирилген.
Тилекке жараша, каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.
Эске салсак, жергиликтүү маалымат каражаттары, Москвадагы шамалдын 15 киши каза таап, 146 киши ар кандай жаракат менен ооруканага жаткарылганын кабарлашууда.