Кыргызстанда оор кылмыш менен кармалып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөп атып, табышмактуу жагдайда мөөнөтүнөн эрте чыгып кеткен Азиз Батукаевдин бир тууган эжеси Яха да кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

 

Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.

 

«Мыйзамдагы уурунун» эжеси жана анын   шериги Кабылжан Абдурахманов Россиянын Челябинск облусунун соту тарабынан  17 жылга эркинен ажыратылды.

Маалыматка караганда, алар  28 килограмм героин менен Южноуральск шаарында  кармалышкан.

 

Кылмышкерлердин экөө тең Кыргызстандын жараны болуп чыгышкан. Аларга 500 миң рубль айып да салынды.

 

Маалыматта экөө тең Кыргызстандын жараны экендиги айтылат. Яха Батукаева менен Кабылжан Абдурахмановго 500 миң рублдан айып да салынды.