Учурда россиялык белгилүү теле алып баруучу Максим Галкиндин күн сайын кечинде “Первый канал” телеканалынан эфирге чыгып аткан “Лучше всех” аттуу долбоору өтө популярдуу болууда. Анткени анда саясат менен ызы-чуудан тажаган телекөрүүчүлөргө адаттан тыш оюндарды көрсөтүүдөн тышкары жаш бөбөктөрдүн өзгөчө талантын тартуулоо менен башкаларды да тарбиялаган мааниси бар. Жакында ушул популярдуу  телеберүүгө чыккан кыргызстандык 7 жашар “Брюс-Ли” же жалал-абаддык Нурмухамед Ташмаматов бир эле кыргызстандыктардын, кыргыз элинин атын чыгарып, маанайын көтөрбөстөн, жалпы миллиондогон  көрүүчүлөр тарабынан таң калуу, өзгөчө сезимдер, сыймыктануу кабыл алынды. Себеби ал атактуу киноактер-каратист Брюс Линин нунчак менен мушташкан өнөрү менен кошо өзүнүн да кыймыл-аракети жана жесттерин дал өзүндөй туурап, залдагы миңдеген көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуусуна татыды. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, аны атасы менен машыктыруучусу тарбиялаган жана Бишкектеги элиталык мектептердей анчалык шарты деле жок облусттук борбордон ушундай таланттуу балдардын чыгып жатышы эртеңки келечегибизден үмүт жаратууда.

 

Булак: “Майдан” гезити, №20 (298), 31.05.2017-ж.