Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнугүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, май айынын акыркы күнү шаардагы 500 бала эс алуу бактарындагы аттракциондордо акысыз ойной алышат. Тагыраак айтканда, ар бир бала 5 атракциондо акысыз ойноого мүмкүнчүлүк алат. Мындай мүмкүнчүлүккө тоголок жана жарым жетим балдар, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ээ болот.

 

Мындан сырткары, шаардагы 1000 балага акысыз балмуздак жана шириндиктер  таратылат. Балдар үйүнө, диспансерлерге, реаблитациялык борборлорго, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган билим берүү уюмдарына жардамдар берилет. Бул багытта жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 миң сомго чейин акча каражаты каралган.

 

Менчигине карабай шаардагы мекеме-ишканалар балдар мекемелерин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү “шефтикке” алышкан. Жалпысынан 18 жашка чейинки 416 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бюджеттин  эсебинен 500 сомдон  материалдык жардам көрсөтүлөт.

 

Ал эми 1-июнь күнү  борбордук аянтта шаардын балдары үчүн спорттук жана интеллектуалдык оюндар, сүрөт тартуу сынактары уюштурулуп, концерттик программа тартууланат. Ошондой эле тарбиялык мааниси терең кызыктуу жомок коюлат.