Экстремисттер 32 адам өлтүрүлгөнүн билдиришүүдө.
Египет бийлигинин маалыматында окуядан 29 адам каза таап, 13ү жаракат алганы жана алар ооруканада экени айтылат.
25-майда куралчан топ өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Минья провинциясындагы монастырга бараткан зыяратчылардын автобусуна кол салган.
Окуядан кийин Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ливиядагы машыгуучу базаларына абадан сокку урулганын жарыялады. Ишембиде аскерлер зыяратчыларга кол салууга катышкан согушкерлер даярдалган бир нече база жок кылынганын билдирген.