Бишкек, «Саясат. kg». Журналист Назира Бегим коомчулукта ачыкка чыга албай аткан көйгөйдүн каалгасын ачты беле?

 

Картинки по запросу вторая тайная жена карикатура 

Журналист Назира Бегим соцтармактагы баракчасына эки аял алуу маселеси учурдун курч көйгөйү экенин жазып чыккан. Ал күйөөсүн  башка аял менен бүлөшкүсү келбеген жубайларды «улутка күйбөгөндөр» таризинде сындаган.

 

Журналисттин пикири соцтармакта катуу талкууну жараткан. Айрым аялдар күйөөсү азыр эле «токол» жетелеп келчүдөй чычалашып, өзгөчө пикирин ачыкка чыгарган Назира Бегимди таламайга алышкан.

 

Ал эми талкууларга караганда,  бир катар эркектерге бул сунуш майдай жагып атканы байкалат.

 

Акын Бурулкан Карагулова соцтармактагы баракчасына күйөөсүнө токол издээрин айтып, тамаша-чыны аралашаш билдирүү калтырды.

 

«Токол жөнүндө көп сөз жүрүп атыптыр, окуп алып сүйүнүп атабыз. Бизге да срочно токол керек эле. Күйөөм жаш, сулуу, жоош, тартиптүү, иштеген иши бар. Ичпейт, чекпейт. Бардык жагынан камсыздандырылган. Үйү 2 кабат. Күйөөмө токолдукка 40 жашка чыга элек, уул төрөп бере турган, бою 1.60тан ашпаган, өңдүү-түстүү, кашын тилдирбеген, жасалма төш да, тиш да салдырбаган, кирпигин улабаган, тили кыска, жароокер, иштебей үйдө отурган, оорукчал эмес, тамакты түрлөп жасай турган, балдарымды карап бага турган келин керек. Мен үйдө көп турбагандыктан бардык түйшүк мойнуна илинет. Гүлдү, бакты суугарат, тоокко жем чачат, конокко күйөмдү колтуктап барат. Күндө үйдү чаң соргуч менен сордурат. Жууркан, төшөк тигет. Күйөмдүн носкисин машинкага салбай колго жууйт. Айтор, жыргализм эле болот. Балдарым пол жуубай калабызбы, анан? - деп сүйүнүп атышат. Ошондой келин табылса кабарлап койгулачы? "Селсаяк" деген китебимдин аягында күйөөмө жаш келин алперем деп убада бердим эле. Бирок, мүмкүнчүлүк болбоду. Күйөөмүн ишеничинен калбай бир жакшы токол алперип жаагын басайын. Жардам берип, издешип койгула, жаштар?!


Чын айтам, тамаша эмес»,- деп жазган акын.