Бишкектеги Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер өткөөл оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган. Ошондуктан, адамдар унаа жолун, атайын жөө жүргүнчүлөрү өтүү үчүн ак сызык менен сызылган жерден кесип өтүшүүдө.
Сүрөттөн көрүнүп тургандай, ак сызык адамдарга ыңгайсыз жерде жайгашкан. Ага жетүү үчүн адамдар биринчи шиберди тебелеп өтүп, анан тосмодон ашууга туура келет. Андан тышкары жолдун жанында кум үйүлгөндүктөн бул да кыймылга тоскоолдук жаратат.
Жер алдындагы өткөөлдү оңдоо жакшы иш, бирок, жарандардын ыңгайлуулугун да эске алып коюшпаптыр.