Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын 27-майда Баткендин Кадамжай районунда иш сапарында жүргөндө, жол кырсыгына кабылганын айрым маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, вице-премьер-министр айым ооруканага кайрылган. Анын кырсыктан улам колу жабыркаган. Анын жанында жүргөна ял ооруканага жаткан.
Бул айымдын жол кырсыгына кабылганын батыр энелердин нааразычылыгына дуушар болгонуна да байлаштырышкандар табылды. Маалымат каражаттары жазгандай, Чолпон Султанбекова Кадамжай районунун маданият үйүнө ошол аймактагы үч айылдын 200гө жакын батыр энелерине чакыруу берип, салтанатка чогулткан, бирок, келген эмес. Буга батыр энелер нааразы болушкан. Анткен менен эки күн өткөндөн кийин вице-премьер-министр айым батыр энелер менен жолугушкан.