Оппозиция жээгинде жүргөн, бийликке курч каяшасын айтуудан тартынбаган саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү коттеджи өрттөндү.

Маалыматка караганда, окуя 28-майда Бостери айылында болгон. Белгисиз адамдар «Асыл-Таш» пансионатындагы саясатчыга таандык коттеджге өрт коюшкан.

 

Пансионаттын жетекчиси Улукбек Жусуповдун маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, ал аймакта электр тогу өчүрүлгөндүктөн, кырсык электр зымдарынын кайчы келүүсүнөн, же башка кокустуктардан болду деген версия жокко чыгарылган. Учурда кароолчу отурган жайда гана электр тогу бар.

«Ошондуктан, бул алдын ала даярдалган өрт коюу деп ойлойм», - деген жетекчи буа рейдерлерди айыптаган.

 

Айтымында, келтирилген зыян 50 миң долларга жетет.