Жашоо-турмуштун оорлоп, чоңдордун балдарга зордук-зомбулугу күчөдүбү же аларга жетиштүү тарбия берилбей жатабы, айтор акыркы учурда жашы жете элек балдардын өз өмүрүн кыюусу – суицид күч алууда. ИИМдин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4 айында жашы жете электердин өз өмүрүнө кол салуусу боюнча 47 факт катталса, өткөн жылдын бул мезгилинде 39 суицид катталган. Балдардын өз өмүрүн кыюуга барып жатышынын себептери да ар кандай. Мисалы, 29 өспүрүм ата-энеси менен урушуп, 3 оорусуна байланыштуу, 9 жоопсуз сүйүү үчүн өмүрүн кыйышкан 3 факты боюнча себеби аныкталууда.

 

“Суициддин негизги себеби өз ата-энелеринин балдарына болгон мамилеси. Ата-энесинин жетишсиз көңүл буруусу ушуга алып келет. Ошондуктан ар бир ата-эне баласы тууралуу бардыгын билиши керек. Үй-бүлө институту начар иштейт”, - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

 

Бирок көпчүлүк суицид балдардын мектептеги чоң класстын окуучулары тарабынан кордукка кабылып, рэкетчиликтен болуп жаткандыгы да жашыруун эмес. Башкача айтканда, мектептерде психолог жок. Мугалимдер болсо дээрлик 90% аялзаты болгондуктан, жогорку класстардын окуучулары аларга баш беришпейт. Ал эми ИИМ тарабынан бекитилген инспекторлор алдын алуу эмес, ар кандай терс жагдайдын кесепети менен гана күрөш жүргүзүп келишет.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити