Бул тууралуу Инстаграмдагы баракчасына Лола Каримова-Тилляева жазды.


Каримова чыгармачыл топ менен Москвада жүрөт. Ал мэрияны Ислам Каримовдун эстелигинин долбоору менен тааныштырууда. Былтыр Москвада анын атындагы гүлбак ачылган.

 

Каримованын айтымында, долбоор 2018-жылы даяр болот.

 

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун эстелиги Ташкентте, Самаркандда жана Карши шаарларында тургузулат. Өзбекстандын Сүрөт академиясы Каримовдун эң мыкты сүрөтүнө сынак жарыялаган.