Максим Бакиевдин адвокаттары билдиргендей, Кыргызстан ага келтирилген чыгымды төлөп бере албайт.

 

Эске салсак, Англиянын Жогорку соту Кыргызстандан  2010-жылы бийликтен кеткен президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге 26 миллион долларды жазгырып алды деп туура эмес айып койгону үчүн моралдык чыгымды төлөтүү чечимин кабыл алган.

 

Бирок, Кыргызстан өкмөтү баш тартууда. Адвокаттар сот аркылуу төлөтүүгө кезектеги доо арызды даярдап атышканын айтышат.