Бул тууралуу Свердлов районунун администрация башчысы Самарбек Болотбеков кабарларды.
Маалыматка караганда, Бишкектеги Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нарын» рестораны сүрдүрүлөт.
«ММКлар бир нече ирет өспүрүмдөр имараттын чатырына чыгып кетээрин жазышып, алар жыгылып, колу-бутун сындырып алуулары мүмкүн экенинен чоочулашкан. Анын ээлери бир нече ирет терезе-эшиктерин бекемдешкен. Бирок, балдар менен үй-жайсыз адамдар ичине киргенин коюшпады. Ага байланыштуу имараттын жан-жакасына тосмо орнотууга тапшырма бергенбиз. Имарат качан сүрдүүлөт, белгисиз», - дейт аким.
Айтымында, анын ордуна кандайдыр бир коммерциялык обьект курулат, бирок, кандай багытта экени азырынча белгисиз.