Бишкектин мэри Албек Ибраимов тууралуу эл арасында ар кандай пикирлер айтылып келүүдө. Аны жакындан билгендер президент Атамбаевдин жакын адамы, бир кезде “Автомаш” заводунда таразычы болгондугун эскеришет. Албек мырзанын аты өзгөчө экс-ханзаада Максимден калган 2,7 га. жерди сатып алып, аны кайра президенттин өзүнө бир нече эсе кымбат пулдап жибергенде “дүң” дей түшкөн. Бирок канткен менен ал акыркы күндөрү өзүнүн чарбачыл, иштерман экендигин да көрсөтүүдө. Мисалы, шаар күнүнө карата Абдрахманов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги кароосуз калган эски суу оргумаларын кайрадан иштетип, тегерегин иретке келтирип койду. Ал эми ушул жумадан тартып бир каттамга болсо да 11 чоң, заманбап, газ менен мотору айланган автобустарды жүргүзүп, жүргүнчүлөрдүн түйшүгүн аз да болсо жеңилдетип койду. Жыл аягына чейин 100 ушундай автобус, дагы 50 троллейбус каттамга чыгат экен. Мындан тышкары Кытай грнат түрүндө берген 50 млн. доллар акчага 95 чакырым, 49 жол толук оңдолууда. Кытай бекер берсе деле аны жеп койбой, өз максатына жумшоо биздин чиновниктерибиз үчүн чоң эрдик эмеспи. Эмне дейбиз, бийликтин адамдары деле саясат менен алпурушпай, иштесе болот тура.

 

Булак: “Майдан.kg гезити