- Максим Бакиевди сыртынан соттоп же ал аралашкан соттордун өкүмүн чыгаруу канчалык маанилүү? Соттор өкүм чыгарган күндө деле ал аны “чымын чаккандай” көрбөйт го?

 

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:

 

“Эгер бул өкүм маанилүү болсо, соттолгон жарандар жашынып жаткан өлкөлөр бизге эчак кайтарышмак”

 

- Эгер бул өкүм (албетте, бизден тышкары элдерге) маанилүү болсо, соттолгон жарандарды алар жашынып жаткан өлкөлөр бизге эчак кайтарышмак. Тилекке каршы, андай эмес. Анткени, биздин соттордун чечимдерин ошол өлкөлөр адилетүү деп эсептебейт жана аткарышпайт

 

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр:

 

“Кылым аферасы”

 

- Парадокс! Элди алдап, “убактылуу болсо да тынч жашап туралы” деп жатышат. Чынында мындайды “кылым аферасы” десе да болот! Чынында мындай операциялардан эч кандай майнап  чыкпайт. Элдин үмүтүн актай албаган бийлик ушундай “дешевый” пиар, кадамдарга бара берээри айдан ачык көрүнүп турат.

 

Булак: “Майдан.kg гезити