«Мекен шейиттери» коомдук фонду экс-президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык улутташтырылган обьектилерди текшерүүгө комиссия түзүүнү талап кылууда.
Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Нурия Айдабосунова билдирди.
Айтымында, комиссия экс-президентке таандык болгон, кийин улутташтырылган 17 обьектиге тизме түзүп, ар бири тууралуу маалымат берилиши керек.
«Коррупция менен күрөшүп атабыз деп айтышууда, бийлик Бакиевден калган мүлкөтр тууралуу так маалымат берсе, коррупцияга каршы күрөш бардыгынын далили болот эле», - дейт ал.