Бул тууралуу шайлоо алдындагы үгүт иштеринин күнү белгилөө талкуусунда PR-адис Гүлнура Төралиева билдирди.

 

 Ал бул жаатта АКШны мисалга тартты.

 

«АКШда журналисттер үгүт иштерине аралашабы-жокпу, өздөрү чечишет. Бирок, ММКлардын бардык кызматкерлери жарандарды өз алдынча маалымат менен камсыздашат. А бизде баары тескерисинче – баары үгүт иштерине аралашууну каалашат, аны менен катар башкы милдеттерин унутушат», - деди ал.

 

Айтымында, Германияда шайлоо үгүт иштери мамлекеттик ММКлар аркылуу гана чагылдырылат.