Эки мамлекет ортосундагы аба каттамдар аэропорттун эл аралык секторуна өткөрүлдү.


РИА Новостинин кабарлашынча, талондорун сактаган орусиялык жана беларусиялык жүргүнчүлөргө жаңы тартиптин тиешеси жок. Минск Беларус менен Орусиянын ортосундагы ички каттамдар үчүн чек ара көзөмөлү болбой турганын билдирди.

 

1-февралда ФСБ башчысы Александр Бортников Орусия менен Беларустун ортосунда чек ара зонасын орнотууга көрсөтмө берген. Анда орус бийлиги бул чаранын эки өлкөгө тиешеси жок экенин айткан болчу.

 

Москва мындай кадамга Беларус 9-январда 80 өлкөгө, анын ичинде Евробиримдик жана АКШ жарандары үчүн беш күнгө визасыз режим киргизгенден кийин барууда.