Аналог көрсөтүүлөр 15-майга караган түнү өчүрүлдү.
Маалыматка караганда, аймактарда штаб, мобилдик топтор түзүлгөн, алар элдин кайрылууларына жооп беришет.
Өлкөнүн калган 5 пайызы, 326 калктуу пункт “радио байланыш жетпеген аймактарда” жайгашкан. Аларда тиешелүү жабдуулар орнотулуп бүткүчө аналогдук телеберүүлөр өчүрүлбөйт.
Кыргызстандын башка аймактарында аналог 15-майдан тарта өчүрүлөрү буга чейин эскертилген.