34 жаштагы Мухаммед МАКЕШОВ Ош обулусуна караштуу Өзгөн шаарынын мэринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп ишке киришти. Анын талапкерлигин Өзгөн калаасынын шаардык кеңешинин депутаттары жакынкы сессиясында карап, анан биротоло бекитмекчи. Мунун астанасында кабарчыбыз жаш жетекчини ат жалында кепке тартты.

 

- Мухаммед мырза, мурун-соң мамлекеттик кызматты аркалап көрдүңүз беле? Антпесеңиз, тажрыйба жагынан чындап эле өксүйсүз го?

 

- Жогорку окуу жайын бүтөөрүм менен эле Өзгөн райондук аскер комиссариатында бухгалтер болуп эмгек жолумду баштагамын. 2006-жылы райондук каржы бөлүмүндө жетектөөчү адистикке которулуп, 2009-жылдан тартып казына бөлүмүн башкардым. 2016-жылы Өзгөн шаарынын муниципалдык кызмат департаментин абийирдүү жетектедим. Анан саламатчылыгыма байланыштуу 2016-жылдын ноябрынан 2017-жылдын мартына дейре тыным жасап, ден-соолугумду кыйла бекемдедим.

 

Мурда таза жана калыс иштегенимди бекем эске алып, ушул жылдын март айында Өзгөн шаарынын мэринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындашты. Жакында атайын сессия өтүп, анан депутаттар менин талапкерлигимди биротоло бекитишмекчи.

 

- Баса, Сизди Өзгөн шаарынын биринчи вице-мэрлигине дайындоодо шаардык кеңеш ишеним көрсөттүбү, же бийликтин жогорку эшалонунда тааныштарыңыз аркылуу эле бул орунга шап олтуруп калдыңызбы?

 

- Биринчиден, мурдагы мээнетимди бекем эске алышты өңдөнөт. Анткени, жана айтканымдай, Өзгөн шаарында кайсыл кесипти аркаласам дагы, эң башкысы баарында таза жана акыйкат иштедим. Артымдан жаман сөз ээрчитпедим. Экинчиден, Кыргыз бийлигинин жогорку эшалонунда таянаар тоом, мындайча айтканда, ишенген кишилерим дээрлик жок! Мен эс тарткандан бери эле бирөөнүн жөлөп-таягысыз өзүмчө гана иштеп келатам.

 

- Өзгөн - Кыргызстандагы эле эмес бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы жана тарыхый шаар. Дал ушул тарыхый баалуулукту түбөлүккө сактап калуу аракетиңиздер дегеле байкалбайт го?

 

- Кантип? Өзгөн – тарыхый гана шаар эмес, ошондой эле ыйык жай! Себеби, бул калаада дүйнөдөгү эң чоң аалым – имам Аль-Сарахсий күмбөзү жайланышкан. Мындан ташкары даңкы таш жарган Кара-Шоро жайлоосу бар. Буга улай түндүк менен түштүктү бириктирген эл аралык маанидеги Улуу Жибек Жолу дагы дал ушул Өзгөн аркылуу гана өтөт.

 

Ошондуктан, Өзгөн шаарын бара-бара туризм Мекесине айлантуу аракетибиз абдан күч. Бул аркылуу казынабызга оңбогондой көп каражат дагы түшүп турат. Ага улай өндүрүштү өйдөлөткөнгө дагы жакшы шарт жаралмакчы.

 

- Шаардык көркүн ого бетер бузуп жаткан курулуштарды жана майда базарларды кантесиздер?

 

- Мыйзамсыз курулган обьектилерди чекесинен буздуртуп атабыз. Ал эми Өзгөндүн борбордук базарын эми гана иретке салып, майда жана ыңгайсыздык жараткан чакан базарларды калаа чекесине мажурлап көчүрүп жатабыз.

 

- Ушуну менен эле чектелесиздерби?

 

- Жо-жок! Көрдүңүздөр го. Өзгөн шаарында өндүрүш таптакыр жок! Салыктан гана жыйылган каражаттарга моминтип жашап келатабыз. Мындан ташкары дыйканчылыкты гана биротоло нукка салып койгонбуз. Ошодон дагы айтаарлык акчалар казынабызга түшүп турат.

 

Өзү Өзгөн шаарында 57 миң киши жашаса, өлкөбүздүн ар аймагынан келип базарда иштегендерди кошкондо калкыбыздын саны дээрлик 100 миңден ашат. Ошондуктан, калаабызда кийим тигүү цехтерин, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү майда заводдорду куруп, чукул арада ишке түшүрүү аракетибиз абдан күч.

 

Мындан ташкары заманбап эс алуу жайларын дагы түзүүгө батыл кириштик. Түркия инвесторлорунун түздөн-түз көмөгү аркасында “Достук” сейил багын жандандырдык. Өзүңүздөр көрдүңүздөр го, ушул тапта бул эс алуу жайынан киши аягы үзүлбөйт.

 

- Биздин байкашыбызча, Өзгөн шаарынын калкы дагы жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Ошого жараша элдин турак-жайга муктаждыгы дагы абдан эле күч. Жыш салынган жер үйлөрдү чекесинен сүздүрүп, анын ордуна көп кабаттуу батирлерди тикелегенге неге эмдигиче батынбай жатасыздар?

 

- Жакында ЕврАзия өнүктүрүү банкы менен келишим түздүк. Алар бизге 11 миллион евро бөлдү. Бул каражаттын 5 миллион евросу грант иретинде. А калган 6 миллион евросу кредит сыңары. Аны бөлүп-бөлүп төлөп, акыры кутулабыз.

 

Мынча каражатка Өзгөн шаарына адегенде суу канализациясын куруп, анан калааны таза суу менен толук бойдон камсыз кылабыз. Ал эми турак-жай курганга 9 гектар жерибизди дагыле сары майдай сактап келатабыз. Бул максатта шаарыбызга чет өлкөлүк нвестор тартуу аракетибиз дагы күч. Мындан тышкары Өзгөн шаарына айланма жол курулса, анын шарапаты менен калаабыздын алкагы дагы кеңейет. А дагы турак-жай маселесин ыкчам чечкенге ого бетер көмөктөшөт.

 

- Мухаммед мырза, Сиз али жашсыз! Бара-бара Жогорку Кеңешке депутат, анан премьер-министр болоюн деген ниетиңиз жокпу?

 

-  Мен жаралгандан дээрлик кызматтын кулу, мындайча айтканда, мансапкор эмесмин! Мамлекет башчысы мага ишеним артып, кайсыл кызматка жөнөтсө, аны таза жана татыктуу аркалоого гана көнгөмүн!

 

Учурдан пайдаланып айта кетейин, мына байыл салыкты көбөйтүүнүн эсебинен Өзгөн шаарына асма көпүрө курабыз. Ошондой эле балдарыбыз дагы улам көбөйүп баратат. Андыктан, дагы эки мектеп тикелегенге катуу кириштик. Куда калааса, экөөнү тең быйыл эле бүтүрүп, пайдлаланууга тапшырабыз.

 

Булак: “Майдан kg” гезити