ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен Кыргызстан жазуучулар союзу жана ЭлТР телерадиокомпаниясы биргеликте даярдаган кезектеги “Беш акын” долбоорунун сынагы кызыктуу өттү.

 

Улуттук филармониянын кичи залынын сахнасына чыккан Абдилат Дооров, Керээз Зарлыкова, Калбүбү Сариева, Гүлжамийла Шакирова, Абдыжапар Эгембердиевди күйөрмандары кол чаап тосуп алышты. Эң биринчи турунда атаандаштарынан төмөн баа алып духу түшүп калган акын Абдыжапар Эгембердиев: “Добуш берүү жашыруун өтүп жатат. Ачык болсун! Себеби, калыстар тобуна мен ишенбейм! Эгер менин талабым аткарылбаса, калган турларга катышуудан баш тартам”,- деди таарынып. Ал тургай, илбериңки кыздын суусундугунан да баш тартты, сунган колду суутуп.

 

Чындыгында, ал өзү жашаган Каракол шаарында эт саткан келинди сындап жазган ырына көрүүчү катары менин деле ичим чыккан эмес болчу. Аялдардын өздөрүнүн мындай жумуштарды жасап жаткандыгына ким күнөөлүү? Албетте, аялдарын бага албаган эркектердин да, элин жумуш менен камсыз кыла албаган атка минээрлердин да күнөөсү тоодой.

 

Долбоорду жетектеген Кожогелди Кулуев добуш берүүнүн эрежелери жашыруун берилээри калыстар тобунун чечими менен кабыл алынып калганын айтып, сөзсүз эле жеңүүчү болуу эмес, долбоорго катышуунун өзү эле эрдик экенин баса белгилеп, таарынган акынды эпке араң келтиргенсиди.

 

Экинчи турда башкалардан жогорураак баа алган Абдыжапар агабыздын жүзүндө жылмаю пайда болду, кайрадан сунулган суусундукту да жутуп жиберди. Ушул учурда “дагы чырдайт” деп калыстар коркконунан эле Абдыжапардын балын көбөйтүп койду” деген жоромолдорун да айтып жиберишти, көрүүчүлөр шыбыраша калышып. Жок, менин баамымда туура эле баалар берилип жатты. Мисалы, жыйынтыгында Гүлжамийла Шакирова жеңүүчү деп табылды. Гүлжамийла акындыктан башка өнөрлөрүн да көрсөтүп, күлкүлүү пародияларынан аткарып бергенде, калыстардын гана эмес, жалпы көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болду. 

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: “Майдан kg” гезити