Мария эже келиптир. Аябай капалуу. Бул киши ким эле дебейсиздерби? Ал – “Жыландар канышасы” аттуу атактуу романды жазган Эмил Өмүракуновдун жубайы болот.

   

- Кимдир бирөө Эмилдин китебин басмадан чыгарып, бизнес кылып жатыптыр,- деди Мария эже күйүп-бышып. - Ош базарында китеп сатып олтурган кыздан жаңы чыккан “Жыландар канышасын” көрүп калып, кайдан алганын сурасам, айтпай койду. Баары бир ууру табылат. Шектенген адамым бар. Мурда да ал бир жолу ушундай жолго барып, кечирим сурап атып араң кутулган. Аны эми сөзсүз сотко берем.

 

Ырас, китеп окулбай калды деп көп айтабыз. “Эмне үчүн?”- деп кээ бир жазуучуларга кайрылсаң, “акчасы барлар гана начар чыгармаларын китеп кылып чыгарып, биздин “шедеврлер” папкадан чыкпай жатат”- деп капаланышат.  Бирок, “Жыландар канышасына” окшогон мыкты чыгармалар өтүмдүүлүгү үчүн уурулардын колу аркылуу кайра-кайра басмадан чыгып, сатылып жатпайбы. Эми акыл калчап көргүлөчү: китеп бизнесин чыгармачыл адамдар эмес, бирөөлөрдүн эмгектерин митедей жеген, уурдаган шылуундар басып алышкан жокпу? Ушуларды көзөмөлдөгөн, кыргыз адабиятынын келечегине күйгөн пенденин бар же жогун билбей жүрөм. Бар болсо, үн каткылачы, айланайындар! А-уу, кайдасыңар? Адыбиятыбыз тебелендиде калып баратса да качанга чейин көрмөксөнгө салып жүрө беребиз?

   

Булак: “Майдан kg” гезити