Лахш (Жерге-Тал) районунда эки аптадан бери жер титирөө уланып жатат.Буга байланыштуу Алга жамаатында жашаган үч үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келишти.


Көчүп келгендердин Тажикстандагы үйлөрү жараксыз абалга келген. Лахштын жашоочулары акыркы күндөрү көчөдө түнөп жатканын айтышууда. 3-4-майда болгон катуу жер титирөөдөн Алга жана Лахш жамаатына караштуу беш кыштакта үйлөр талкаланган.

 

Алга жамаатынын төрагасы Давлат Маннонов Кыргызстанга көчкөндөр үйлөрүн корккондугу үчүн таштап кеткенин ырастады.

 

- Азыркы тапта ал жакка үч үй-бүлө жер которду. Паспорттук каттоодон расмий чыга элек. Артка кайтуу же калуу чечимин кабыл алыша элек, - деди Маннонов.

Лахштагы кыйраган үйлөрдүн так саны белгисиз. Бирок жашоочулардын айтымында алар онго жакын.

 

Лахш районундагы Алга жамаатынын көпчүлүк жашоочусун этникалык кыргыздар түзөт.