БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, келерки шайлоого бюллетендер калың болуп жасалат. Анткени, жарандын кайсы талапкерге «чымчыкча» койгону такыр билинбеши керек.
Бул тууралуу БШКнын ММКлар менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бюллетень катаал жоопкерчиликтеги бланк болуп саналат жана анын аткаруучусу «Учкун» ААКсы болуп саналат.
Белгилешинче, бюллетендерди коргоонун жетиштүү катмары болот. Биринчи кезекте буга атайын боек кирет.
Ал эми жараксыз болуп калган бюллетендер атайын комиссия тарабынан тизмектелет.