Бул тууралуу Патрулдук милиция Башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 10майда болгон. Саат болжол менен 22.00 чамасында «Кудайберген» базарынын жанындагы Патрис Лумумба көчөсүндө өспүрүм баланы машине коюп кетип, алган жараатынан улам бала ооруканадан көз жумган.
Кырсыктын күнөөкөрү "Mercedes Benz" үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаа белгисиз тарапка изин сууткан. Көргөн күбөлөр бар.
Издөө иштери жүрүүдө.