Ардагердин келини Махабат Тынаеванын айтканына таянып бул тууралуу Спутник агенттиги жазып чыккан.

 

Эске салсак, Капас Бокбаев согуш башталган жылдары 14 жаштагы өспүрүм болгондуктан, аны орук эмгекчилердин катарына киргизишкен эмес. Аталган айыл өкмөт башчысы «Согуш жана орук ардагерлерине акчалай жардам бергенбиз. Капас Бокбаев ал убакта 14 жашта болгондуктан, орук ардагеринин тизмесине катталбагандыктан, жардам берилбеген», - деп айткан.

 

Ал эми ардагерди алгач кубантып, бирок, ичи бош чыккандыктан көзүнө жаш алдырган конверт мектеп окуучуларынын колу менен жасалганын айыл өкмөт башчысы аталган агенттикке билдирген.

 

Бул соцтармактын колдонуучуларынын күчтүү нааразычылыгын жаратты.