Бул тууралуу Акыйкатчылыктан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Акыйкатчылыкка баланын энеси арыз менен кайрылган. Анда баласы мугалимдин начар мамилесинен улам мектепке баргысы келбей атканын айткан.

 

Акыйкатчылык мектептин жетекчилигине байланышка чыккан. Жетекчилик кезегинде баланын ата-энеси менен мугалимин жолуктуруп, маселени чечкен.

 

Кийинчерээк, мугалим арыз жазып, жумуштан кеткен.