Бул тууралуу транспорт министрлигинен кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, Ош облусундагы Жазы дарыясын таш кулап, тосуп калган.

 

Окуя 8-майда саат болжол менен 10.00дө Мырза-Аке-Кара-Шоро унаа жолунун 47 чакырымында болгон. Жыйынтыгында, дарыянын суусу көтөрүлүп, автоунаалардын кыймылына кыйынчылык туудурган.

 

Учурда №5 Жол-эсплуатациялык башкармалыгы ӨКМ менен дарыянын нугун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Окуя болгон жерде техника иштөөдө.