Аюу айылындагыдай жер көчкү 1993-жылы ошол эле айыл өкмөтүнө караштуу  Тосой айылында болуп, 51 жаран көчкү  алдында калган. Бул тууралуу 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.

 

Эл өкүлүнүн айтымында, Аюу Сай айылы кооптуу жер экенин баардыгы билген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаментинин, 2014-жылдагы китебинде дагы 11 үй көчкүнүн алдында калышы мүмкүн экендиги жазылып турат. “Мына 11 үй бүгүн көчкүнүн алдында калып жатат. Ал эми министрдин орун басары биздин укугубуз жок деген шылтоолорго жамынып жатат. “Жаранды коргоо” мыйзамынын 8-беренесинде так жазылып турат. Жооптуу кызматкерлерге кайрылып, эгерде  эскертме  так аткарылбаса, Өкмөткө, укук коргоо органдарына чейин кайрылып, айтыш керек болчу”,- деди эл өкүлү.

 

Улугбек Ормонов, өкмөттүн жер көчкүдөн каза тапкан адамдардын кол жазмасын депутаттарга таркатканын сынга алып, кырсыкка тийешелүү айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуштады. “Мына ушул көчкүнүн алдында калып каза болгон, кишинин кол жазмасын бизге таркатканыңар, бул, менин оюмча туура эмес.  Сиздер бул нерсени эртеңки кырсыкты алдын алуу үчүн колдонушуңуздар керек болчу.Ошондой эле райондун мурдагы акими Тажибаевдин колу менен кагаз берип жатасыздар. Биз биринчиден, азыр ошол акимдин жоопкерчилигин карашыбыз керек. Анан дагы бир суроо жаралат, эмне үчүн ошондой кооптуу, чоң көчкү коркунучу бар жерге мамлекеттин акчасына жаңы мектеп салына баштаган”.

 

Ошондой эле эл өкүлү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарына, эл көп жашаган Кыймыл айылында дагы суу көбөйүп, кооптуу жагдай жаралып жатканын айтып, элдер телефон чалып жатканын кошумчалап, тийешелүү мекемелерден алдын ала чара көрүүлөрүн суранды.

 

Ал эми вице-премьер Жеӊиш Разаковдун  билдиришинче, 10 күндүн ичинде жергиликтүү чиновниктердин жоопкерчилиги каралат.

 

“Каганат”

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (295), 09.05.2017-жыл