Көпчүлүк кыргыз кыздары өз теңин таба албай, жаштыгы менен өмүрү өтүп, айрымдары кытай, түрк, индустарга чыгып кетип жатышы да эркектердин аздыгына барып такалууда. Бирок турмуш менен табият өз өкүмүн жүргүзүп, жашыруун үйлөнүп алган байларыбыз деле жок эмес. Ошондуктан көп никелүүлүккө уруксат берүү маселесин К.Бакиевдин тушунда бир министр көтөрүп, бирок ал төө бастыга кабылган болчу. Эми бул көйгөйдү кыргыз кыздар өздөрү көтөрүшүүдө. Ал тургай айрымдары социалдык тармактарга күйөөлөрүнө ыктыярдуу түрдө жаш аял алып берүүнү айтып жатышат. Алгач тамаша иретинде айтылган көп никелүүлүк маселеси улам чындыкка айланып, кол топтоо демилгеси көтөрүлүп жатат. Эгер алар чындап эле сөздөн ишке өтүп, тиешелүү колду топтоп, парламенттин кароосуна жөнөтсө, анда мыйзам чыгаруу органы ары же бери кылып чечүүгө милдеттүү. Бирок мыйзам, улуттук менталитетке таянып же куру намыска алдырып, бир эркекти “менчиктештирип алуу” бүгүнкү күндө улутубузду сактап колуу деңгээлине айланууда. Себеби ушул боюнча жүрүп отурсак, анда 20-30 жылдан кийин чындап эле ансыз деле аз сандагы кыргыздар ого бетер азайып кетишибиз мүмкүн. Бул мамлекеттин коопсуздугу үчүн да коркунуч жараткан жагдай.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (295), 09.05.2017-жыл