Быйыл өлкөбүздүн түштүгүндө жер көчкүдөн тышкары жер титирөө да көп катталууда. 3-майдан бери Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталып, анын 8и төрт баллдан жогору болду. Жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8и толук жарактан чыккандыгы, 529 үй авариялык абалда экендиги жана 456 үй түрдүү оңдоого муктаж экени аныкталды. Ошондой эле жергиликтүү оорукана да капиталдык оңдоого муктаж жана жер титирөөдөн мечит менен орто мектеп да жабыркаган. Жабыркаган жергиликтүү элге 510 чатыр тигилип, ага 3 миңге чукул адам жайгаштырылды. Учурда жарандык коргонуу органдары келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Бактыга жараша эч ким жабыркабай, бир гана тамдын дубалы басып калган адам ооруканага жаткырылды. Дүйнөлүк практикада 8 баллдан жогору жер титирөө болгондо бекем курулган имараттар да кыйрап каларын эске алганда, бул ирет табият менен Кудай элибизге боор ооругандай. Жергиликтүү элдин айтуусунда, айыл жеринде үйлөр менен там, сарайлар ылайдан салынган менен, алардын дубалы калың жана жапыс, сынч (тактайды каршы-терши кылып) менен салынгандыктан гана кыйроолор аз болду. Ошентсе да мындан ары үй эмес, там салсак да анын бышыктыгына көңүл буруу керектигин табият өзү көрсөтүүдө.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (295), 09.05.2017-жыл